Бул жумада кыргызстандыктар 6 күн иштейт

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, бул аптадагы ишемби, 11-май мамлекеттик кызматкерлер үчүн иш күнү болуп саналат. Бул күнү кызматкерлер 3-майдагы эс алуунун ордуна иштеп беришет.

Ошондой эле, 9-май майрам күн болуп саналат. Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери 1-майдан 5-майга чейин эс алышты.

Маалымат үчүн: Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айындагы расмий эс алуу күндөр:

1-май - Эмгек майрамы;

5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн;

9-май - Жеңиш күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан