Кыргыз окуучусу эл аралык олимпиадада күмүш медаль алды

Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында алдынкы орундарды алышты. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, аталган олимпиадада окуучулар 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 Ардак грамота жеңип алышкан:

Күмүш медаль – Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу;

Коло медаль – Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары,
- Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;

Ардак грамота – Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары.
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Белгилей кетсек, 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өткөн 41-Балкан математикалык олимпиадасына (BMO 2024) 22 өлкөнүн окуучулары катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан