Токтогулда "жалган милиция кызматкери" мал уурдоого шектелип кармалды

Токтогулда өзүн милиция кызматкеримин деп элдин ишеничине кирип, мал уурулук менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында беш ирет мал уурулук фактысы орун алып, ал боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 2051-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан бул мал уурулук фактыларынын натыйжасында 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга – 300 миӊ сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан өзүн “Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясында иштейм” деп элдердин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну А.У. 4-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн шектүүнүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, бир айга камакка алынды.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан