Бишкектин боордош көрүстөнүндө митинг-реквием өттү

Бишкектин боордош көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан, социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Рэйна Султанмуратова катышты.

Ага ылайык, иш-чаранын катышуучулары курман болгон жоокерлерди эскеришип, жоокерлердин эстелигине гүл коюшту.

"Митинг-реквием мекенибиз үчүн күрөшкөндөрдүн курмандыгын эстеп, баалоо мүмкүнчүлүгү болуп эсептелинет. Алардын эрдиги ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, тынчтыктын маанилүүлүгүн эскертип турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан