Болотбек Узакбаев президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Узакбаев Болотбек Узакбаевич президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.