Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин быйыл жайында Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын учурунда Олимпиадалык тынчтыкты орнотуу демилгесин колдой турганын ырастады.
"Бүгүнкү дүйнө тынч болбой жатат. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Кытай Париждеги Олимпиада оюндарына байланыштуу бүткүл дүйнөлүк элдешүү чакырыгы менен Францияга кошулду", - деди Кытайдын президенти Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биргелешкен маалымат жыйынында.
Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.