* 1918-жылы (95 жыл мурун) Я.Логвиненко жетектеген советтик Пишпек полку Беловодск айылындагы козголоңчуларга каршы чабуул коюп баштаган.
* 1951-жылы (62 жыл мурун) Коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова туулган.
* 1958-жылы (55 жыл мурун) Саясатчы Өмүрбек Текебаев төрөлгөн. Карапайым мугалимден ЖКнын төрагалык кызматына чейин жеткен чыгаан саясатчы, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районун Акман айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
1857-жылы (156 жыл мурун) Орусияда алгачкы почта маркалары пайда болгон.
* 1963-жылы (50 жыл мурун) Кипрде түрктөр менен гректердин ортосунда улут аралык жаңжал чыккан.
* 1885-жылы (128 жыл мурун) Ито Хиробуми Япониянын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалган.
* 1997-жылы (16 жыл мурун) Мексиканын Ченало айылынын чиркөөсүндө кылмышкерлер 45 адамды атып салышкан. Анын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болгон.
* 2009-жылы (4 жыл мурун) журналист Геннадий Павлюк көз жумган.
Жылнаама толугу менен бул жерде...