Бишкектин тургунун алдап кеткен деп шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 16-апрель күнү Шопоков көчөсүндө жайгашкан батирине эки аял келип, өздөрүн райондук администрациянын социалдык кызматкерлери катары тааныштырышып, үйүнөн 640 миң сомун уурдап кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) жана 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган И.Т. жана 1985-жылы туулган А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шаардык милиция кармалгандардын ушул сыяктуу сегизден ашык кылмышка тиешеси бар экени аныкталганын кошумчалады.