SUPER.KG порталы О! Мобилдик операторунун кызматкерлерин майрамы менен куттуктайт!

Бүгүн, 7-майда өлкөдө байланыш тармактарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Датаны утурлай SUPER.KG порталынын жалпы эмгек жамааты О! Мобилдик операторунун командасын чын жүрөктөн куттуктайт!

4G LTE мобилдик интернетинин жогорку ылдамдыктагы технологиясын биринчилерден болуп киргизген оператор менен өнөктөш экенибизге сыймыктанабыз. Сиздердин алдыга койгон максатыңыздар амбициялуу экенин билебиз. Андыктан ары түйшүктүү, ары сыймыктуу жумушуңуздарда бир гана ийгиликтер коштоп турушун каалайбыз!

Заман талабына ылайыктуу кызмат көрсөтүп, ар бир кардарыңыздарды кубантып жүрө бериңиздер!

О! Мобилдик операторунун ар бир кызматкерине бекем ден соолук, узак жана бакубат жашоо каалайбыз! Ар бир кыял орундалып, жакшылык коштосун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан