Мамлекеттин менчигине өткөн объектилер аукционго коюлганын бүгүн, 7-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, мүлктүн ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө алынган объектилер дагы бар.
Аукционго коюлган объектилер:
- Эгиздер мунарасы - жалпы аянты 773,8 чарчы метр болгон кеңсе. Дареги: Бишкек шаары Жукеев-Пудовкин көчөчөсү 87/2;
- "Кристалл Таш-Көмүр" ААКсы - Ташкөмүр шаарында жайгашкан "Кристалл" заводунун мүлктүк комплекси. Жер тилкесинин жалпы аянты 525,3 гектарды түзөт;
- "Ак-Марал" - Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун акциялары;
- "Ай-Пери" бизнес борбору - Жалпы аянты 5 878,3 чарчы метр. Имарат Чүй көчөсү, 158 дарегинде жайгашкан;
- "Зодиак" эс алуу борбору - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, жалпы аянты 3 068 чарчы метр;
- "Баткен" базары - "Баткен комфорт" соода-базар комплекси уюштурулган 2,9 гектар жер тилкеси менен "Бишкек жүк ташуучу автотранспорт ишканасынын" акциясы;
- "Кыргыз каганат" - "Ихлас" курулуш комплекси Ош шаарында жайгашкан. Жалпы аянты 5085 чарчы метр болгон турак эмес жай. Баштапкы баасы 682 миллион 550 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом;
- ЖК "Имаратстили" - "Империал" курулуш комплексинин Ош шаарындагы Масалиев проспектиси, 98 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөгү турак эмес жайы. Аянты 1 400 чарчы метр. Баштапкы баасы 149 миллион 825 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом;
- "Аманат" - "Аманат Резиденс" курулуш комплекси. Объект Ош шаары, Ибраимов көчөсү, 11-1 дарегинде жайгашкан. Баштапкы баасы 251 миллион 433 миң 092 сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом.
Толук маалыматты (0557) 337 723 телефон номери аркылуу же www.auctionetp.gov.kg сайтынан билсе болот.