"Кыргызтест" мекемесине төраганын фондунан Sprinter тапшырылды

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине барды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, буга чейин төрага Нурланбек Шакиев аталган мекеменин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди белек кылган. Андагы жолугушууда аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылган. Шакиев аталган маселе да маанилүү экенин белгилеп, кыска убакытта чечилерин билдирген.

Ага ылайык, төраганын резервдик фондунан каражат бөлүнүп, бүгүн Раимбачаева "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан