Жалал-Абадда жер көчкү активдешип, 10 үй-бүлө көчүрүлүүдө

Аксы районунун Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип, кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, жеринде ӨКМдин кызматкерлери мониторинг жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлгө алышты.

"Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан