Сузактагы кырсык: Мэр жабыркаган балдарга материалдык жардам көрсөттү

Сузактагы кырсыкта жабыркаган ар бир балага дарылоо жана реабилитациялоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин резервдик фондунан 50 миң сомдон бөлүндү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жабыркаган балдарды барып көрдү.

Учурда балдар Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда.

Дарыгерлердин айтымында, балдардын абалы жакшырууда. Зарыл болсо, балдардын ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн кайталап тесттер өткөрүлөт.

Эске салсак, Сузактагы кырсык 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген.

Бүгүнкү күндө төрт балага жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Алардын абалы жакшы деп баалангандыктан жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын да абалы жакшы экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан