Камчыбек Ташиев: "Кемпир-Абад боюнча келишим 100 пайыз аткарылат"

Кемпир-Абад боюнча келишим 100 пайыз аткарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айтты.

Анда атайын кызмат башчысы социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан "өзбек тараптын чек арачылары балык кармап жаткан кыргыз жарандарын кубалады" деген маалымат боюнча комментарий берген.

"Келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатат жана мындан ары дагы аткарылат. Маселе өзүбүздө. Мен кечээ эле Өзбекстанга барып келдим. Кесиптешим менен жолуктум. Чек ара башчысын чакырдык. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында, чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай кырдаалдар болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзам ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, өлкөнүн бардык аймагында тыюу салынганын белгиледи.

"Тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, Кыргызстандын бардык көлдөрүндө, суу сактагычтарда, керек болсо дайраларда дагы тыюу салынган. Тор менен балык кармабагыла. Браконьердик кылбагыла. Кайырмак менен мага десеңер суткасы менен жатып алып кармай бергиле. Мал-салыңарды кенен-кесир сугара бергиле. Эң негизгиси, биздин чек арадан ары өтпөгүлө. Болду, тынч оокатыңарды кыла бергиле. Анан эле өзүбүз мыйзамды бузуп алып, башкаларга шылтоо кылбайлы. "Мындан ары чек араны бузуп өтүп кеткендер болсо - эки тарап тең кадимкидей эле кармап, каттоодон өткөрүп, мыйзам чегинде иш алып баралы, бири-бирибизге дароо кабар берип туралы", - деп сүйлөштүк. Келишим 100 пайыз аткарылат", - дейт УКМК башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан