Москвада Владимир Путиндин инаугурациясы башталды

Бүгүн, 7-майда Москва шаарында президент Владимир Путиндин инаугурациясы башталды.

Путиндин инаугурациясы Кремлдин чоң сарайында өтүүдө. Анда Путин кортеждин коштоосунда Спасский дарбазасы аркылуу Кремль сарайына келет. Кремль күзөтчүсүнүн рапортун кабыл алат. Андан кийин Путин колун Конституцияга коюп, ант берет. Анын тексти негизги мыйзамдын 82-беренесинде камтылган.

Эске сала кетсек, Владимир Путиндин инаугурациясы бешинчи жолу өтүүдө. Буга чейин 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдары болгон.

Салтанаттуу аземге саясатчылар, коомдук ишмерлер, атайын аскердик операциянын катышуучулары катышууда. Мындан тышкары инаугурацияга чет мамлекеттердин өкүлдөрү да келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан