Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миллион сумдан берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун 79 жылдыгын утурлай Өзбекстандын өкмөтү согуштун катышуучуларына бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү көбөйөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, президент Шавкат Мирзийоевдин кол койгон жарлыгына ылайык, согуштун ар бир катышуучусуна жана майыптарына 20 миллион сумдан (139 миң 966 сом) жөлөк пул берилет.

"Төлөмдөрдүн көбөйүшү мамлекеттин ардагерлерге болгон урмат-сыйынын жана камкордугунун дагы бир далили. Төлөмдөрдүн көлөмү жыл сайын акырындап өсүүдө. Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылы ардагерлер 18 миллион, 2022-жылы 15 миллион, 2017-жылы 2 миллион сум алышкан", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, 26-апрелде президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койгон.

Агы ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине (41 ардагер) 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төлөөгө президенттин фондунан 4 миллион 141 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан