Өзбекстан Орусияга өзбек жарандарын киргизбей жатат деген кептерди четке какты

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактарда Өзбекстандын жарандарынын Орусиянын аймагына кирүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр тууралуу тараган маалыматтарды четке кагып, расмий билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, агенттик Орусиянын аэропортторунун жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Өзбекстандын жарандары үчүн кирүү тартибине эч кандай чектөөлөр жана өзгөртүүлөр киргизилбегени аныкталган.

Ошондой эле билдирүүдө Өзбекстандын жарандарын мажбурлап кармоо же депортациялоо боюнча бир дагы учур каттала электиги баса белгиленет. Чек арадан аба менен да, кургактыктан да өтүү кадимки тартипте жүргүзүлөт.

Мекеме жарандарды расмий маалымат булактарына таянууга жана коомчулукка туура эмес маалымат таратуучу социалдык тармактардагы текшерилбеген билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, соңку кездери интернетте өзбек жарандары орус чек арасынан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бул кептер тажик жарандары Москванын аэропортторунда кыйынчылыктарга туш болуп, алардын айрымдарына кирүүсүнө тыюу салынганы тууралуу кабарлардын фонунда пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан