Жапаров Кумтөргө барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 7-майда билдиришти.

Анда ал ишкананын машина оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо жана май куюучу бекеттердин абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, Кумтөрдүн май сактоочу кампаларын жана май куюучу бекеттерин автоматташтыруу долбооруна ылайык канча күйүүчү май колдонулганы тууралуу дыкат көзөмөлдөн өтөт. Учурда кендеги өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 800дөн ашуун ар кандай техникалар, транспорт каражаттары жана жабдыктар колдонулат.

Ошондой эле Жапаров Кумтөрдүн негизги карьерине барды. Мында кен казуу иштери жана жер астынан алтын казуу долбоору кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, ушул жылдын февралында Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштоого старт берилген. Жер астынан 115 тоннага жакын алтын чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары ишкананын алтын ылгоочу фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда кирип чыккандарды дыкат көзөмөлдөгөн рентген аппараты сыяктуу жаңы жабдыктар орнотулганы айтылды.

Андан соң калдыктарды сактоочу жайы тууралуу маалыматта 2026-жылдан тартып кендин калдык сактоочу жайында жайгашкан руда калдыктарынан алтын казып алууну баштоо пландалып жатканы айтылды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кошумча 120 тонна алтын алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен 13,567 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 миллион доллар болсо, таза кирешеси 302,5 миллион долларды түзгөн.

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенин иштетүү мамлекетке өткөндөн кийин бир топ өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Маселен, өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар, социалдык төлөмдөр жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 миллиард сом түшкөн. Ал эми, жалпы кызматкерлердин саны 3000ден ашуун болсо, анын 99,9 пайызы жергиликтүү адистер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан