Орусияда эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Киров районунда 21 жаштагы жаран кармалган. Бухара шаарынын тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси (адам сатуу) боюнча издөөдө жүргөн.
Кармоо маалында шектүү жигит "кыздарды сатканы" үчүн издөөдө жүргөнүн моюнуна алган. Учурда жаранды Өзбекстанга жөнөтүү иштери жүрүп жатат.