"Алдамчылык көбөйүп жатат". Эмгек министрлигинин эскертүүсү

Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертет.
Ага ылайык, жарандарды Улуу Британияга ишке орноштуруу тартиби акысыз негизде жүргүзүлөт. Арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөйт.
Борбор жарандарды Instagram жана Facebook социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырат.
"Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жумуш табууну каалагандар үчүн ишенимдүү мыйзамдуу булактар - бул чет өлкөдөгү Жарандарды жумушка орноштуруу борбору жана тиешелүү уруксаты бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери. Агенттиктин мыйзамдуу же иштебей тургандыгын веб-сайттан текшере аласыз", - деп жазылат маалыматта.
Толук маалыматты Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алууга болот. Байланыш номерлер: 1899 (ишеним телефону), +996559189900 (WhatsApp).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан