Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле "аскер боткосу" берилип, майрамдык концерт уюштурулат.
Ошондой эле борбор калаанын райондорунда да иш-чаралар уюштурулат. Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
"Мындан тышкары борбор калаадагы бардык билим берүү уюмдарында эсте каларлык датага байланыштуу ачык сабактар, сынактар жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.