Сузакта кырсыкта жабыркагандарга психологдор жардам көрсөтүүдө

Сузакта кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине жогорку окуу жайлардын психологдору жеринде жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин психологдору иштөөдө.

Эске салсак, Сузактагы каргашалуу окуя 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген.

Бүгүнкү күндө төрт балага жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Алардын абалы жакшы деп баалангандыктан жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын да абалы жакшы экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан