Чек арадагы атышуудан кийин Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешти.

Ошону менен катар бүгүн, 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, окуяны жеринде териштирүү макулдашылган.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан