Ош шаарында 9-майда кандай иш-чаралар өтөт? 

Ош шаарында 9-май күнү саат 09:30дан тарта борбордук аянтта театралдык, маданий концерттик программа тартууланат. Бул боюнча мэриянын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Билдирүүдө жазылгандай, калаада "Өлбөс полк" жүрүшү жана аскердик парад өткөрүлбөйт.

Эске салсак, быйыл өлкө аймагында "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөйт. ИИМ берген маалыматка ылайык, мындай чечим коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан