Кытайда тигүү тармагынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-кытай форуму өттү

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарында текстиль тармагынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, бизнес-форумдун алкагында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы менен Шаосинь текстиль шаарынын Чет элдик базарды илгерилетүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналарын айтты. Элчи Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи.

Мындан тышкары Шаосинь шаарынын эксперттери быйыл август айында жеңил өнөр жай тармагындагы ички рынокту изилдөө максатында Кыргызстанга келери кошумчаланды.

Форумга Кыргызстандан 70тен ашуун, Кытайдын 40ка жакын компания өкүлдөрү катышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан