УКМК Оштогу "Шректи" кармады (фото)

Кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган "Шрек" каймана аты менен белгилүү болгон баңгибарон кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

29-апрелде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 килограмм салмактагы гашиш баңгизаты табылып, алынган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Колдо болгон ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген.

"Ал уюшкан кылмыштуу баңги топтордун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Орусиянын аймагында героин түрүндөгү баңгизат каражаттарын сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан