"Бирөө 20-кабаттан секирип". Екатеринбургда кыргызстандык мигрант адамды куткарып калды (видео)

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда кыргызстандык таксист адамды куткарып калды. Бул тууралуу "АиФ-Урал" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-майда Екатеринбургдагы Союзная көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болгон. Ал өрттөн качып, 20-кабаттагы балконго чыгып, андан кийин жерге секирген. Ал дүкөндүн чатырына кулап түшкөн. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Терезеге чыгып жардам күтүп жаткан экинчи жабырлануучуну өрт өчүрүүчүлөр менен бирге кыргызстандык таксист Бобур Каримов куткарып калган. Ал куткаруучуларга чатырдан өрт өчүрүүчү шлангды түшүрүүгө жардам берген, ал аркылуу терезеде турган адам ылдыйкы кабаттагы кондиционерге түшүп, терезени сындырып, кошунасынын батирине кире алган.

"Өрт болуп жатканда мен унаа менен өтүп бара жаткам. Жогорудагы жигит "жардам бергиле, жардам бергиле" деп кыйкырды, мен дароо тепкичке чыктым, ошол жерден өрт өчүрүүчүгө жолугуп, ага жардамга даяр экенимди айттым. Анан алар менен чогуу ал жигитти куткарып калдык", - деген кыргызстандык мигрант.

Кыргызстандык таксист Екатеринбургда адамды куткарып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан