Беларустагы мектепке СССР баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы берилди

Беларустун Минск шаарындагы №11 орто мектебине Советтер Союзунун баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өлкөнүн Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
Ага ылайык, элчи Жумаш Асаналиевдин эстелик тактасын ачып, эл алдында анын эрдиги унутулбай турганын билдирди.
"Ушуга байланыштуу аталган мектепте салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Эстелик тактасын ачып, мектеп окуучулары жана иш-чарага келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, мектеп окуучуларынын катышуусундагы концерттик программаны көрдүк", - деди ал.

Маалымат үчүн: Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. Курман болгон соң ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан