Кара-Сууда 15 жаштагы өспүрүм ТИР ок атуучу куралдын огунан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-май күнү 23:30 чамасында милицияга Савай айыл аймагынын 2009-жылы туулган С.Н. аттуу тургуну денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 6-май күнү Сары-Колот айыл аймагынын 1964-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну ТИР ок атуучу куралы менен кулпунай эгилген талаада 2009-жылы туулган С.Нны бутуна атып алганы маалым болгон.
"Жабырлануучуга жана тир ок атуучу куралына тийиштүү экспертизалар дайындалган. Экспертизалардын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ош облустук милициясы бул фактыны жаап коюшуптур деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.