Бишкектин көркүн бузган бир катар курулуш компанияга айып салынды

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компаниялары катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз фактылар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан күндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө аныкталды. Анда курулуш компаниялары талаптарды бузганына ылайык ар кандай айыпка жыгылган.

Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган компаниялар төмөндө:

  • Чүй проспектиси, 127/1 дарегиндеги "Престиж би центр" ЖЧКсы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратты. Атап айтканда, тосмону демонтаждоо жана жылдыруу уруксат документтери жок жүргүзүлгөн. Аталган компания КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 17 000 сом айып пул салынган.

  • "Техник трейд" ЖЧКсы жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 179-берененин 2-бөлүгү менен компанияга жалпы суммасы 34 000 сом айып салынган.

  • "Аманат строй инвест" курулуш компаниясы дөңгөлөктөрдү жууй турган пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, Ленин районундагы көчөлөрдүн бирин булгаган. Инспекция тарабынан компанияга чара көрүлүп, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 000 сом айыпка жыгылган. Компанияга жолду тазалоого 1 күндүк мөөнөт берилген.

  • Ак-Өргөө конушундагы "Шер курулуш" ЖЧКсынын жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн инспекторлор курулуш компаниясына КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча эки протокол түзүшкөн.

  • Ошондой эле "Борсан констракшн", "Аю премиум строй", "Делюр” компанияларына КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-115-беренелери боюнча айып протоколу жазылган.

    Муниципалдык инспекциянын инспекторлору күн сайын рейд жүргүзүп, көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлөрүн эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан