Ош облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрү жашаган даректерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-майда УКМКнын жана Ош ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биргеликте диний-экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Анын алкагында 76 материал табылып, 51 китеп, 10 жарнамалык журнал, 2 телефон, 3 DVD диск, 3 кассета, 5 флеш-карта алынды. Табылган китептердин айрымдары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам алынган предметтер Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.
Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.А. "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартты.