Бишкек шаардык милициясы калаа тургундарына уурулардан сактануунун жолдорун эскертти.
Маалыматта велосипедди жоготуп алуучу эң кеңири тараган жер көп кабаттуу турак жайлардын кире бериши жана тепкич аянтчалары экени белгиленген.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, сизден өз мүлкүңүзгө кайдыгер мамиле кылбоону суранабыз. Эгерде сиз уурулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же күбө болуп калсаңыз, дароо жакынкы милиция кызматкерине кабарлаңыз же 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номуруна чалыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.