Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Сергей Кривенко изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга К.Л. аттуу жаран кайрылып, 1984-жылы туулган уулун табууга көмөк сураган. Анын айтымында, уулун акыркы жолу 28-февралда Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинен көргөн.
Өзгөчөлүктөрү: бою болжол менен 183 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска.
Кийген кийими: кара капюшону бар күрмө, кызыл спорттук бут кийим.
Милиция Сергей Кривенкону көргөндөр болсо маалымат берүүнү суранат. Байланыш номурлары : 0(312) 352-947, 0(708) 860-909, 0(777) 869-897, 0(553) 102-880.