Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу борбордун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Мындан улам №36 автобус каттамы, №2 жана №8 троллейбус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрдү.
№36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин каттайт.
№2 жана №8 троллейбустар төмөнкү маршрут боюнча жүрөт: Жибек Жолу проспектиси – Лермонтов көчөсү – Чүй проспектиси.
Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келет.