Стамбулдагы аэропортко учак шассиси жок конду (видео)

Жүк ташуучу учак Стамбулдун аэропортуна алдыңкы шассиси жок конду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Парижден Стамбулга учуп бара жаткан Fedex Airlines компаниясына таандык Boeing 763 жүк ташуучу учагында шассиде мүчүлүштүк пайда болгондо учкуч Стамбул аэропортунун башкаруу мунарасы менен байланышып, диспетчерден аэропортко конууга уруксат сураган.

Андан соң аэропортко конуу үчүн керектүү чаралар көрүлүп, учуу тилкесине аэропорттун куткаруу жана өрткө каршы топтору жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында учак алдыңкы шассиси жок аэропортко конуп, тумшугу менен сүрүлүп барып токтогон. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Стамбулдагы аэропортто учак шассиси жок конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан