22-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт. Жолдор тайгак болот, тоолуу аймактардын жолдорундо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -13°C
Талас облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -16°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -12°C
Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -12°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -16°C, түнкүсүн -26°C
Бишкек шаары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C
Эскертүү! 22-23-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Каракол-Эңилчек (45-90 км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100 км) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.