Күндүн табы көтөрүлөт. Жеңиш күнүнө карата аба ырайы 

Эртең, 9-майда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, кечке маал Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Түштүк чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13… + 18, күндүз + 28… +33,

Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +24… +29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… +18, күндүз +29… +34,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8… +13, күндүз +19… +24,

Нарын облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +21…+29.

Ал эми Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан