Быйылкы жылдын январь-апрель айларында 88 миллиард 575,7 миллион сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, белгиленген пландан 3,8 миллиард сомго ашыгы менен чогултулган. Салык боюнча 64 миллиард 801,3 миллион сом чогултулуп, 298 миллион сом ашык түшкөн.
"Ал эми камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча чогултулган сумма 23 миллиард 774,4 миллион сомду түзүп, пландан 3,5 миллиард сомго ашыгы менен аткарылган", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, мындай көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 миллиард 61,5 миллион сомго көп.