Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулаган куруучу каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына шаардык милициядан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 6-май күнү болгон. Анда Сүйүнбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу батирде ширетүү иштерин жасап жаткан жаран кулап кеткен.
Бул факты маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Тергөөдө курулушчулар каза болгон жаран жумушка ошол күнү жаңы келгенин айтышкан", - деп кошумчалайт Ош ШИИББинен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.