Эмгек сиңирген артист Камчыбек Турсункулов каза болду

Бүгүн, 7-майда белгилүү обончу жана аткаруучу, Эмгек сиңирген артист Камчыбек Турсункулов 68 жаш курагында кайтыш болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Турсункулов Камчыбек Саипович 1956-жылы 8-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Бирлик айылында туулган.

Ал Ош мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин аяктаган.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Маданият үйүндө жана маданият бөлүмүндө ошондой эле Майлы-Сай шаардык маданият бөлүмүндө эмгектенген.

Акыркы жылдары “Шайыр апалар” долбоорунда активдүү катышып, эмгектенип келген.

Мындан тышкары ал белгилүү "Оо карындаш", "Сиз дейинчи", "Унуталбайм", "Музыка сахнасы" жана башка элге сиңген бир катар белгилүү ырлардын автору болчу.

"Камчыбек Турсункуловдун кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 2019-жылы “Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган", - деп айтылат маалыматта.

SUPER.KG портланын жалпы жааматы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан