Бүгүн, 8-майда ӨКМге "Спорттук туризм федерациясы" коомдук бирикмесинен 3 турист дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарлашты.
Маалымдалгандай, Орусиядан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Ага ылайык, бүгүн аталган туристтерди издөөгө саат 15:45 чамасында Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу чыкты.
Белгилей кетсек, изделип жаткандар 62 жаштагы Е.Л, 58 жаштагы С.Н. жана 62 жаштагы С.Б. аттуу жарандар.
Кошумча маалымат берилет.