Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында калаада бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Ага ылайык, бүгүн саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Буга удаа эле "аскер боткосу" берилип, майрамдык концерт уюштурулат.
Ошондой эле борбордун райондорунда да иш-чаралар уюштурулат. Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.
Эске салсак, быйыл өлкө аймагында "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турган болду. Мындай чечим коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен кабыл алынганы маалымдалды.