Кечээ, 8-майда Москва шаарында бороондуу кар жаады.
Бул бир жуманын ичинде жааган экинчи кар. Синоптиктер бүгүн, 9-майда дагы Москвада кар жаашы күтүлүп жатканын билдиришти.
Борбордо жана облуста акыркы жолу 7-майда кар жааган. Москвада капыстан суук түшкөндүктөн, жылуулук берилди.