Улуу Ата Мекендик согуштун Чүйдөгү тогуз ардагери тууралуу маалымат

Учурда Чүй облусунда тогуз ардагер бар. SUPER.KG порталы алар тууралуу маалымат топтоду.

Сагит Сабитов 1927-жылы 17-декабрда төрөлгөн, учурда Токмок шаарында жашайт. Ал 1943-жылдан 1944-жылга чейин Украинанын фронтунун курамында согушкан. 1945-жылы 9-августа советтик аскерлер менен бирге Манчжуриянын чек арасын кесип өтүп, кыйынчылыктарга карабастан советтик жоокерлер көптөгөн жапондорду туткунга алган. Душмандарга каршы тайманбастык менен күрөшкөн.

Сабитовдун аскердик наамы - кенже сержант, 2-даражадагы "Ата Мекендик Согуш" ордени, "Японияны жеңгендиги үчүн" медалы, жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган. Пенсияга чейин комбинатта мастер болуп иштеген. Учурда бир кызы жана бир небереси бар.

Николай Мирненко 1927-жылы 3-мартта туулган, учурда жубайы менен Бишкек шаарында жашайт. Ал аскерге чакырылганга чейин тигүү фабрикасында тигүүчү, машина оңдоочу болуп иштеген. 1944-жылы армияга чакырылып, согуш учурунда запастагы полкто кызмат өтөгөн. Мирненко 1951-жылга чейин армияда кызматын уланткан. Кызматын аяктап келген соң орто мектепти, андан кийин айыл чарба институтун бүтүргөн. Ардагердин 2 баласы, 3 небереси бар.

Михаил Сухинин 1927-жылы 2-октябрда төрөлгөн, учурда Бишкек шаарында балдары менен жашайт. 1944-жылы декабрда армияга чакырылып, Литванын жанындагы 72 запастык аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1951-жылы апрелде бошотулган. Аскердик кызматын аяктаган соң заводдо иштеген. Михаил Сухинин Ленин жана политехникалык институтта окуган. Ал "Германияны жеңгендиги үчүн" медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Учурда ардагердин бир уулу жана 2 небереси бар.

Пётр Хищенко 1927-жылы 15-июлда төрөлгөн, азыркы тапта Бишкек шаарында жашайт. Ал 1944-жылы Уфа шаарындагы жөө аскерлер окуу жайына аскерге чакырылган. Кийин Венгрияда согушуп, үч жылдай ошол жерде болгон. 1960-жылы аскерден бошотулуп, Фрунзе шаарына үй-бүлөсү менен келген. Машина куруу техникумун бүтүрүп, заводдо 30 жылдай иштеген. Пётр Хищенко көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Габдулла Хузиахметов 1920-жылы 14-майда төрөлгөн, азыр Бишкек шаарында жашайт. Ал 1940-жылдын октябрында Фрунзе шаардык аскер комиссариатынын Кыргызстандын аскер кызматына чакырылган. Согуш маалында Украина, Белоруссияда согушкан. 1941-1943-жылдары Крымда согуштук аракеттерге катышкан.

Анын сыйлыктары: "1-даражадагы Ата Мекендик согуш" ордени, "Кавказды коргогону үчүн", "Севастополду коргогону үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган.

Аспек Жумашев 1924-жылы 17-сентябрда төрөлгөн, учурда Бишкек шаарында жашайт. Ал 1942-жылы Чүй облусунан аскердик кызматка чакырылган. Джумашев аскердик кызматын 1949-жылы аяктаган. Согуштан кийин ал Үчемчек айылдык кеңешинин катчысы, кийин колхоздун төрагасы болгон. Ошондой эле Куйбышев, Таш-Мойнок совхозунда прораб болуп иштеген. Ал "2-даражадагы Ата Мекендик согуш" ордени менен сыйланган.

Василий Пухарёв 1924-жылы туулган. Ал 1942-жылы аткычтар полкунун курсанты болгон, андан кийин пулемёт дивизиясына жиберилген. 1943-жылы зениттик артиллериялык полкко которулган. Согуш маалында Япония менен согушкан, ошондой эле согуштук машинаны айдаган. Согуштан кийин заводдо иштеген. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

Туркенакун Бейшембаев 1925-жылы 1-июнда төрөлгөн, азыркы учурда Бишкек шаарында жашайт. Ал 1942-жылдын аягында Украина, Беларуссия, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан. Согуштан кийин Тоң райондук сактык кассасынын башчысы, андан кийин мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ак ниет эмгеги үчүн "Москвич" унаасы жана Советтер Союзунун министринин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ардагердин 6 баласы, 22 небереси бар.

Анын аскердик сыйлыктары: "2-даражадагы Ата Мекендик согуш" ордени.

Асек Урманбетов 1923-жылы 2-январда төрөлгөн. Учурда неберелери менен Бишкек шаарында жашайт. Ал Украина жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен ага маанилүү чалгындоо тапшырмасы берилген. Урманбетов душмандар менен жалгыз тайманбай согушуп, бир нече фашисттерди жок кылып, жарадар кылган, натыйжада жоокерлердин чабуулуна жол ачылган.

Анын аскердик сыйлыктары: "Ата Мекендик согуш", "Кызыл жылдыз" ордендери, көптөгөн күжүрмөн медалдар, жеңиштин урматына юбилейлик медалдар жана "Даңк" медалы менен сыйланган. Ал 2016-жылга чейин айыл чарба тармагында башкы бухгалтер болуп иштеген. Ошондой эле "Ак жол" коомдук фондунун президенти катары Жеңишке арналган китеп жазып, карыларга, майыптарга жана кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. Ардагердин учурда 6 баласы жана 68 чөбөрөсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан