Эч ким, эч качан унутулбайт! Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, элдин сыйына татыган Абас Момунов тууралуу баяндайбыз

SUPER.KG порталы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдык мааракесин утурлай бизге жаркын жашоону тартуулаган баатырлар тууралуу баяндайт.

Биздин каарманыбыз Жалал-Абаддын Аксы районунун Итагар айылынын тургуну, былтыркы жылдын декабрь айында 101 жашында каза болгон, элдин сыймыгына айланган инсан Абас Момунов.

Ал 1922-жылдын 4-мартында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу болгон. Мектепте 6-класска чейин татыктуу билим алып, алдыңкы окуучулардын катарын толуктаган. Тагдырында күтүүсүз бурулуш болуп, андан ары окуусун уланта алган эмес. Анткени ата-энесинен эрте ажырап, бир туугандарынын түйшүгүн, алардын жоопкерчилигин эрте жашынан өз моюнуна алат.

1941-жылы каргашалуу Улуу Ата Мекендик согуш оту тутанып, Абас Момунов Кызыл армиянын катарында согушка чакырылган. Медициналык каттоодон өтүүдө ден соолугуна байланыштуу убактылуу дарылоого калтырылып, кийинки жылы, 1942-жылдын жаз айларында мекенди, эл-жерди коргоого аттанат. Ошентип бир ай Москва шаарында согушка даярдануу курсунан өткөн.

Андан кийин Ростов-на-Дону шаарында колго түшкөн немис туткундарын 5 ай кайтарган. Кызыл армиянын катарында душмандарга каршы согушууда өзүн мыкты көрсөтөт. Украинада 101-полктун жөө аскерлер командасынын пулемётчиги болуп дайындалып, танкисттерди коштоп Польшага чейин жеткен. Абас Момунов согуш талаасында канчалык кыйынчылыктарды баштан өткөрсө да артка чегинбей, Германиянын Хайнсберг шаарына чейин согушуп барган. Анткени мекенди коргоо, урпактарга бейпил жашоо тартуулоо зарылдыгын көкүрөгүнө бекем түйгөн инсан болгон. Аягында советтик армия жеңишке жетип, Абас Момунов 1945-жылы Улуу жеңишти Берлинде тоскон.

Жеңиштен кийин Абас Момунов Берлинден Москвага чейин ат араба менен келгенин өзү айтканы бар. 1950-жылы оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин туулуп өскөн жерине кайтып келет. Бирок согуштан келдим, кыйналдым деп кол куушуруп отуруп алган эмес, Колхоз иштерине активдүү аралашып опол тоодой иштерди жасаган.

Чөп чаап, жыйнап малга тоют топтоп, Колхоздун жылкысын багып, гектарлаган эгин талааларын сугарып, ысык-суукка карабай эл үчүн кара жанын карч уруп иштейт. Коомдук иштер менен бирге Абас Момунов жубайы менен 5 кыз, 2 уулга татыктуу тарбия берип, балдарын эмгекчилдикке, адамгерчиликтүүлүккө, ак ниеттүүлүккө үйрөткөн. Уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдүн сыймыктанган ата-энеси, чоң ата, таятасы, элдин ардактуу инсаны катары 100 жаштан аша бактылуу өмүр сүрдү. Анын эмгеги эч качан элдин эсинен унутулбайт!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан