Украина ТикТокко нааразы болууда

ТикТокто орусиячыл аккаунттар президент Володимир Зеленськийдин легитимдүүлүгүнө шек келтирүүдө жана украиналыктардын моралдык абалын бузуу үчүн колдонууда. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин (УКК) мүчөсү Андрей Коваленко билдирди.

Анын айтымында, Москва ТикТокто аккаунттар тармагын түзүп, 20-майга арналган жалган маалымат таратып жатат. Себеби ушул күнү мыйзамга ылайык, Зеленськийдин биринчи мөөнөтү аякташы керек. Бирок согуштук абалга байланыштуу өлкөдө шайлоо үзгүлтүккө учурады.

Аткаминердин айтымында, Орусиянын атайын кызматтары ТикТокту үгүттөө максатында билгичтик менен колдонушат. Алар Украинанын СИМ-карталары менен фейк аккаунттарды түзүшөт же географиялык жайгашуу аймагын Украинада деп манипуляциялашат. Ушундай жол менен алар TikTok алгоритмдерин кеңири колдонуучулардын базасына жетүү үчүн колдонушат.

ТикТоктун өкүлү Bloomberg агенттигине жасаган билдирүүсүндө, орус-украин согушу башталгандан бери социалдык тармак Украинада коопсуздук чараларын күчөтүп, зыяндуу жалган маалыматтарды жок кылып жатканын айтты. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, дүйнөлүк деңгээлде жалган маалыматтын 97 пайызы платформага жеткенге чейин жок кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан