Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта: Цифралар жана фактылар

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Улуттук статистикалык комитети Кыргызстандын Жеңишке кошкон салымы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган.

1941-жылдын башында өлкөнүн элинин саны, баалоо боюнча, 1946-жылдын башына карата 1 миллион 457 миң адамга чейин кыскаруу менен 1 миллион 588 миң адамды түзгөн.

Кыргызстан аскерге 360 миңден ашык адамды же өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун согушка жөнөткөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 40тай ардагери, 552 ооруктун эмгекчилери калды.

Согуш жылдары өлкөгө 300 миңден ашык жаңы тургундарды кабыл алган. 30 миңден ашык кыргызстандыктар республикадан тышкары аскердик өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн.

Улуу Ата Мекендик согушта Украина, Орусия жана Беларустун убактылуу ээленип турган райондорунан республикага 30дан ашык өнөр жай ишканаларынан жабдуулар көчүрүлүп келген. Кыска мөөнөттүн ичинде фронт үчүн керектүү продукцияны көчүрүлүп келген ишканалардын базасында чыгарып баштаган жаңы ишканалар курулган. Алар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору болуп калган.

Согуш жылдарынын ичинде 70тен ашуун өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Машина курулушу, түстүү металлургия, көмүр өнөр жайы, энергетика, айрым жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактары орчундуу түрдө өнүгүп баштаган. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 1940-жылга салыштырганда 1945-жылы 22 пайызга өскөн. Машина курулушу жана металлды кайра иштетүү продукциялары - 3,5 эсеге, анын ичинде машина курулушу – 10 эседен көп, электроэнергия өндүрүшү – 1,5 эсеге өскөн.

Согуш жылдары республиканын колхоздору жана совхоздору коргоо фондуна 4,5 миллион пуд (74 миң тоннага жакын) буудай жана 500 миң пуд (8 миң тоннадан ашык) эт өткөрүшкөн.

Көчүрүлүп келген ишканалардын электр энергияга карата болгон муктаждыктары өскөндүгүнө байланыштуу Лебединовка ГЭСинин курулушу улантылган жана Аламүдүн ГЭС-1 курулушу жөнүндө чечими кабыл алынган. Анын курулушу 1943-жылы башталып, 1945-жылы аяктаган.

1943-жылы биринчи кезекте Чоң Чүй каналынын курулушу да аяктаган. Бул объекттердин бардыгы элдик курулуш ыкмасы менен курулган.

1942-жылы Хайдаркан сымап комбинаты ишке киргизилген. Көмүргө болгон муктаждыктан улам шахта курулуш иштеринин өсүү темпинин өтө тез жогорулоосун жараткан. Алар негизинен ишканалардын өздөрүнүн күчтөрү менен жүргүзүлгөндүгүнө карабастан бул кесипкөй шахта курулуш уюмдарынын андан ары өнүгүүсү үчүн негиз болгон.

Согуш мезгилинин оор кыйынчылыктарына карабастан турак жай курулушу да жүргүзүлүп турган.

Айыл чарбасында механизатордук кадрларды даярдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. 1941-жылы кыска мөөнөттүү курстарда 2812 трактористтер, алардын ичинен 2787и аялдар болгон. Ал эми 570 комбайнер даярдалып чыккан. 303,6 миң тонна нан жана 22,3 миң тонна картошка камдалган. Армия колхоздордон жана совхоздордон 54 миң тандалган аттарды (жылкыларды) алган.

Улуу Ата Мекендик согушундагы жеңип чыккандан кийин республиканын экономикасы кыска мөөнөттүн ичинде тынчтык рельсине өткөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан