Эдил Байсалов Нарын облусундагы согуштун ардагерлеринен кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башы айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаров жана Кара-Суу айылында жашаган ардагер Тапа Керимкуловдон кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал президент Садыр Жапаровдун атынан ардагерлерге Президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сомду тапшырды.

Маалыматка ылайык, Сатынды Жапаров 98 жашта, 1943-жылы 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда колхоздо, май заводунда иштеген.

Ал эми Тапа Керимкулов 98 жашта, 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда ички иштер органдарында жана энергетика органдарында иштеген.

"Ошондой эле Эдил Байсалов Нарын шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквиемге катышты.

Мындан тышкары бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан