Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргызстандыктарды 9-май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ал өзүнүн куттуктоосунда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди сый-урмат менен кадырлоо ар бир кыргызстандыктын милдети экендигин айтты.
"Урматтуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!
Сиздердин муун - жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну! Мекенчилдик менен руханий тазалыктын мисалы! Эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү.
Бул майрам - сиздердин маңдай териңиздердин, эл-жер, келечек үчүн жан үрөгөн аракетиңиздердин акыбети. Бул жеңиш - акыйкаттыктын, карасанатайлык менен зомбулукка каршы турган улуу күрөшүнүн жемиши. Сиздердин кажыбас кайратыңыздардын, талыкпаган мээнетиңиздердин жыйынтыгы.
Бул жеңиш - канчалаган адамдардын өмүрүн алып, нечендеген көз жаштарга жуулуп, миңдеген мекендештерибиздин каны менен келген Улуу Жеңиш! Бүгүн ал - баарыбыздын жеңишибиз.
Ардактуу ардагерлер! Сиздерди сый-урмат менен кадырлоо — ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети! Эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүккө жашайт. Эч ким, эч качан эч нерсе унутулбайт! Бар болуңуздар! Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!", - деди ал өз куттуктоосунда.