Бүгүндөн тарта жаңы 5000 сомдук жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүн, 10-майдан тартып Улуттук банк 5 миң сомдун жаңы банкнотасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, купюранын түсү, көлөмү мурдагыдай эле, башкача айтканда, өзгөргөн эмес. Анда былтыркы үлгү боюнча банкнотанын алдыңкы бетине актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү, ал эми арткы бетине "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты түшүрүлгөн.

Улуттук банк купюрада заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдүү комплекси бар экенин билдирди.

Жаңы чыгарылган купюра өлкөнүн аймагында чыгарылган күндөн тартып расмий төлөм каражаты статусуна ээ экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан